Бул колдонмону жүктөп!

My Beeline колдонмосу калкыма

Beeline бонус

Топтолуп жаткан баллдардын саны сиз канчалык узак убакыттан бери Beelineдын абоненти болуп саналганыңыздан көз каранды, жана төмөнкү схема боюнча жүрөт:

Абоненттин стажы

Ар бир коротулган 10 сом үчүн баллдар саны (бардык салыктарды эске алуу менен)

Эсептөө кадамы*

6 айга чейин

1

1 тыйын

6 айдан 18 айга чейин

1,5

1 тыйын

18 айдан ашык

2

1 тыйын

Бонустук баллдардын жашоо мөөнөтү – чегерилген учурдан тартып 12 ай. Топтолгон баллдарды сиз мүнөттөрдүн, SMSтердин жана Мблардын акысыз пакеттерине, ошондой «Beeline Бонус» программасынын өнөктөштөрүнөн арзандатууларга алмаштыра аласыз.

 

Упай-н саны

Мүн-н саны

 

SMS-н саны

МБ-н саны

30

10

10

50

10 20

20

100

25 50

50

200

60 120

120

400

180 360

360

 

«Beeline Бонустун» негизги командалары : 

 

Командалар

USSD-сурам

Кошуу

*800#

Өчүрүү

*800*0#

Мүнөттөргө алмаштыруу

*800*1*мүн. саны#

SMSке алмаштыруу

*800*2*SMS саны#

Мбга алмаштыруу

*800*6*Мб саны#

Топтомдун калдыгын текшерүү

*800*3# или *505#

Упайларды текшерүү

*800*4#

Акыркы алмашуу жөнүндө маалымат

*800*7#

Күйгөн упайларды текшерүү

*804#

 

UIVRдин жардамы менен «Beeline Бонус» программасын башкаруу

Ошондой эле сиз *800 кыска номери боюнча салып, автомаалымат бергичтин айтып бергендерин жасай аласыз. Чалуу акысыз.

 

Программанын кеңири шарттары

Программага катышуу эсептешүүлөрдүн алдын ала төлөө системасынын абоненттери үчүн гана жеткиликтүү болот. Абонентти программада каттоодон өткөрүү анын программанын шарттары менен эч кандай талкуларсыз жана шартсыз таанышып жана макул болгондугун түшүндүрүп турат. Баллдар негизги баланстан каалагандай акча алып салуулар үчүн чегерилет, төмөнкүдөн тышкары:

  •  «Мобилдүү которуу» кызматы;

  • cый акылык сервистер (контент-провайдерлердин кызматтары жана RBT кызматы үчүн мелодия сатып алуу);

  • роуминг кызматы;

  • байланыштын башка операторлорунун түйүндөрүнөн кириш чакырыктары үчүн сый акылык чегерүүлөр, спутник байланышынын операторлорунун номерлери;

  • кызматтарды кошуу үчүн төлөм;

  • телефон номерин жана тарифтик планды өзгөртүү үчүн төлөмдөр;

  • «Салам»; «Funmix»; «Funbox»; «Сен кайдасын?»; «Маячок»; «Чал» - кызматтары үчүн абоненттик төлөмдөр;

  • Balance.kg аркылуу төлөмдөр;

  • жана башка бир жолку төлөмдөр.

Эгерде программанын катышуучусу эсептешүүлөрдүн алдын ала төлөө системасынын башка каалагандай тарифтик планына өтсө, топтолгон баллдар сакталып калат. Бонустук баллдарды колдонуу мөөнөтү – чегерилген учурдан тартып 12 ай. Баллдарды чегерүү күнү катары ушул айдагы чегерилген бардык баллдар үчүн ар бир айдын акыркы күнү таанылат. Программаны өчүрүп салган учурда, программанын катышуучулары тарабынан топтолгон бардык баллдар, жокко чыгарылышы мүмкүн.

Баллдарды пакеттерге алмаштыруу:

  • Алынган пакеттердин жашоо мөөнөтү 30 күндү түзөт.
  • Эгерде пакет анын жашоо мөөнөтү аяктаганга чейин чыгашаланбаган болсо, калган мүнөттөр/SMS/Mb күйүп кетишет.

  • Мүнөттөр, SMS, Mb пакеттери коротулгандан кийин, тарифтик пландын шарттарына ылайык негизги тарификациялоо күчүнө кирет

  • Эгерде программанын катышуучусу күтүү режимине түшүп калса, анда топтолгон баллдар жана алынган пакеттер дагы 10 сутка сакталат, андан кийин алар күйүп кетишет.

  • Эгерде программанын катышуучусу эсептешүүлөрдүн алдын ала төлөө системасынын башка тарифтик планына өтсө, активдүү пакеттер сакталып турат.

  • Бир эле маалда бир бонустук пакет кызматтардын түрлөрүнүн ар бири үчүн колдонулушу мүмкүн. Кызматтардын ушундай эле тибиндеги пакетти кайталап алган учурда, мурда активдештирилген пакет күйүп кетет.

  • Тарифтик пландардын, кызматтардын жана пакеттердин «Beeline Бонус» программасы менен өз ара аракетте болушу Beeline сайтындагы тиешелүү тарифтик пландарды, кызматтарды жана пакеттерди берүүнүн шарттарында берилген.

  • Пакеттерди колдонуу баланста акча бар болгондо гана мүмкүн болот (баланста абоненттик аракеттеги тарифтик планына ылайык 1 мүнөттүн/1 SMS/1 Мб баасынан кем эмес сумма болууга тийиш). «Beeline Бонус» программасынын катышуучусу, төмөнкү учурларда программадан чыгарылып ташталышы ыктымал, эгерде: - Статусун корпоративдик кардарга алмаштырып, эсептешүүлөрдүн кызматтан кийин акы төлөнүүчү системасына өтсө, - Beeline түйүнүн абоненти болбой калса. 2015-жылдын январынан тартып бонустук баллдардын 12 айлык жашоо мөөнөтү киргизилүүдө. Программадан чыгуу *800*0#. Программадан чыккан учурда бардык топтолгон баллдар автоматтык түрдө күйүп кетет. Beeline ушул программага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү укугун өзүнө калтырат, алар тууралуу абонент тиешелүү маалыматты компаниянын www.beeline.kg расмий сайтында, алар киргизилгенге чейин 10 күндөн кем эмес мөөнөттө жайгаштыруу жолу менен билдирме алат.

beeline logo https://beeline.kg/ru/aidana