
«Акнет Достук+»: Beeline жана Акнеттен жаңы тариф!
21 сент. 2026
Үй интернети, санариптик телевидение, сүйүктүү онлайн кинотеатрлар жана мобилдик байланыш — эми бир тарифте! Улуттук Beeline жана «Акнет» компаниялары өз мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, жаңы биргелешкен «Акнет Достук+» тарифин ишке киргизишти.
Эми ар бир кызматты өзүнчө төлөөнүн кереги жок. Бир гана жалпы айлык төлөм — жана сиз үй-бүлөңүз үчүн интернетке, санариптик кызматтарга жана байланышка ээ болосуз.
«Акнет Достук+» тарифине эмнелер кирет:
• «Акнеттен» 500 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы үй интернети;
• Beeline'дан чексиз мобилдик интернет;
• Beeline тармагында чексиз чалуулар жана SMS;
• Башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуу үчүн 100 мүнөт;
• «Акнеттен» 200дөн ашык ТВ каналдары;
• 5 онлайн кинотеатр: «Этномедиа», START, Wink, MEGOGO жана RizaNova.
Негизги топтомго 2 Beeline SIM-картасы кирет. Дагы 5 SIM-карта — жалпысынан 7 номерге чейин кошууга болот. Мындай болсо жакындарыңыз менен байланышта болуу жана жалпы чыгымдарды пландаштыруу ыңгайлуу болот.
Алты ай бою эки SIM-картадан турган негизги топтом үчүн тарифтин баасы 30 күнгө 1320 сомду түзөт, андан кийин — айына 1910 сом. Тариф жаңы абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.
«Акнет Достук+» тарифине кошулууга өтүнмөнү онлайн же Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде тариздесеңиз болот.
«Акнет Достук+» кадимки кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн эки улуттук компаниянын технологияларын жана тажрыйбасын бириктирди. Азыраак эсеп жана түйшүк — баарлашуу, иштөө, окуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр.
«Акнет Достук+» тарифи сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн. Мамлекет тарабынан колдоого алынган достук.
21 сент. 2026