Негизги мазмунга өтүү
image
image
image
image
Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселерине өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыяланды
Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселерине өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыяланды

Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселерине өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыяланды

Сиз жогорку кардарлар трафиги бар жерлерде товарларды жана тиешелүү чечимдерди сатууну өнүктүргүңүз келеби? "Скай Мобайл" ЖЧКсы Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине (СжТК) өнөктөштү тандоо боюнча сынакка катышууга чакырат.

Компания эмнени сунуштайт:
• даяр витриналар;
• медиялык колдоо;
• таргеттик абоненттик база боюнча SMS-таратуу;
• трафикти тартуу жана сатууну стимулдаштыруу боюнча маркетинг иш-чаралары;
• коммуналдык жана клининг чыгымдарын жабуу.

Өнөктөштөн эмне талап кылынат:
• келишим түзүү үчүн документтердин толук топтому;
• POS-терминал аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу, ККМ орнотуу жана кассалык чектерди милдеттүү түрдө берүү;
• СжТКда товарды сатуу үчүн өз кызматкерин камсыз кылуу же өнөктөштүн жеке катышуусу.

Кызматташуу үчүн сунушталган СжТКнын тизмеси жана Ар бир СжТКда жана ишмердүүлүктүн ар бир форматы боюнча сый акынын минималдуу өлчөмдөрү бул жерде:
Список ОПиО окт.2026 конкурс.docx

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш-аракеттердин форматтарынын бирин тандап, өтүнмө тапшырышыңыз керек:

  1.   Аксессуарларды гана сатуу;  
  2.   Девайстарды гана сатуу;  
  3.   Ишмердүүлүктүн универсалдуу форматы.

Ошондой эле документтердин топтомун(ЖИнин күбөлүгү / ЖЧКнын Уставы, ЖЧКнын/ЖИнин жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү) жана коммерциялык сунушту даярдоо зарыл. Коммерциялык сунушта төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
• СжТКнын аталышы;
• ишмердүүлүктүн форматы;
• сый акынын өлчөмү (бекитилген старттык чектен төмөн эмес).

Өтүнмөлөр коммерциялык сунуш жана документтер топтому менен бирге 15.10.2026-жылга чейин Partner_beeline@beeline.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Өнөктөштү тандоо "Скай Мобайл" ЖЧКсынын Жол-жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Сынактын жеңүүчүсү болуп эң чоң сый акыны сунуштаган катышуучу таанылат.

Бир нече СжТКга арыз берилген учурда, башка шарттар бирдей болсо, компанияга эң чоң коммерциялык пайда алып келген өтүнмөгө (өтүнмөлөргө) артыкчылык берилет.

Кызматташууга кубанычта болобуз!

02 окт. 2026