Негизги мазмунга өтүү
image
image
image
image
Колдонулган аккумулятордук батареяларды сатып алууга коммерциялык сунуштарды кабыл алуу жарыяланды
Колдонулган аккумулятордук батареяларды сатып алууга коммерциялык сунуштарды кабыл алуу жарыяланды

Колдонулган аккумулятордук батареяларды сатып алууга коммерциялык сунуштарды кабыл алуу жарыяланды

«Скай Мобайл» ЖЧКсы компаниянын эки кампасынан колдонулган (мурда колдонулган жана иштебеген) аккумулятордук батареяларды сатуу жөнүндө жарыялайт:

• Ош ш., С. Касымбеков к., 8а-2г;
• Ленинское а., Ленин к., 100 (Бишкек ш.).

Катышууга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген Уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын утилдештирүү жана кайра иштетүү укугуна лицензиясы бар сатып алуучуларга жол берилет. Лицензиянын сканерленген көчүрмөсү коммерциялык сунушка тиркелүүгө тийиш.

Милдеттүү шарты – өздөрүнүн алып кетүүсү. Сатып алуучу келишимге кол коюлгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде өз каражаты, өз транспорт каражаттары жана жумушчу күчү менен батарейкаларды алып кетет.

Коммерциялык сунуш 2026-жылдын 30-октябры, саат 18:00гө чейин шифрленген түрдө (сырсөз менен архив) azhyrgalbek-uulu@beeline.kg электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш. Архивдин сырсөзү sbbekturov@beeline.kg почтасына өзүнчө кат менен жөнөтүлүүгө тийиш.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылыңыз: 0 777 090 360 (Азат).

30 сент. 2026